Бишкекте кафеде индиялык жаран сабалды

  • 2 года мурун

Бишкекте кафеде индиялык жаран сабалды. Бул тууралуу маалымат каражаттарында видео жарыяланган.

“Азаттык” Ленин райондук милициясына таянып, бул кылмыш иши Жазык кодексинин “ээнбаштык” беренеси менен тергелип жатканын жазды.

«Милицияга Улуттук госпиталга ур-токмокко кабылган 22 жаштагы индиялык жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда ал достору менен кафеде отурганда белгисиз үч кишинин ур-токмогуна эч себепсиз кабылганын айтып берген жана аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Райондук милиция азыр бул кылмышка тиешеси барларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Фото: «Акипресс»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты