Кадырбек Атамбаев ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, Стамбулга учууга уруксат берилбегенин билдирди

  • 4 недели мурун

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев өлкөдөн чыгууга тыюуну тергөөчү алып салбай, аны “Манас” аэропортунда Стамбулга учууга уруксат бербей койгонун Фейсбук баракчасында билдирди.

«Бүгүн мен Стамбулга бара турган учакка отуруунун ордуна, “Манас” аэропортунун милиция бөлмөсүндө тор артында калдым. Соңку эки сутка ичинде экинчи жолу мага учууга тыюу салынды. Мыйзам боюнча өлкөдөн чыгууга тыюу тергөө жана сот иши бүткөндөн кийин алынып салынышы керек, ал иштен бери ай өттү. Ал тыюу алынбай келет, биздин адвокат аны алып салууну талап кылган. Анын үстүнө мен иште күбө катары  өткөм, ал эми күбөгө өлкөдөн чыгууга тыюу салуу мыйзамсыз.   

Мурдакүнү тергөөчү өлкөдөн чыгууга мага тыюуну алып салам деп убада берген, ал эми кечээ “чоңдорго” шылтады, бирок ал өзү эле тыюуну алып салууга укуктуу.  Аэропорттун кызматкерлерлери өлкөдөн чыгууга тыюу салган желекчени он беш мүнөттө, бир чөйчөк кофе ичкиче эле алып салса болорун айтышууда.  

Мыйзамсыз чектөөдөн улам, менин кечээки жана бүгүнкү Стамбулга болоо турган сапарым үзгүлтүккө учурады. Педро Санчестин чакыруусу боюнча Стамбулда эл аралык лидерлер менен жолугушмакмын, -деп жазды Кадыр Атамбаев.  

24-апрелде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер үч жыл пробациялык көзөмөлгө чыгарылып, сот залынан бошотулду.

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Бул иште Кадырбек Атамбаев күбө катары өткөн.

Сүрөттө: Кадырбек Атамбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты