Кадамжайдагы ири жол кырсыгынан 8 киши каза болуп, жетөө жаракат алган  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа  үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде жол кырсыгынын кесепетинен 8 киши каза тапкан, анын ичинен экөө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкери, 7 киши жаракат алган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Баткен районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан.

Кечээ, 21 майда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылындагы ири жол кырсыгы катталган аймакка барды.

21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган.

Видео: ӨКМ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты