Екатеринбургдагы жол кырсыгында Кыргызстандын эки жараны жабыркады

  • 1 месяц мурун

Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

8-июлда Екатеринбург шаарындагы башкы консулдукка Кыргыз Республикасынын жарандары жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматка ылайык, ошол күнү саат 12:00дөн 13:00гө чейинки убакыт аралыгында Екатеринбург шаарынын Чкалов районундагы Полевской трактында жүргүнчү ташуучу автобус  1993-жылы туулган Б.К. жана 1991-жылы туулган. Э.Н. аттуу Кыргызстандын жарандарын сүзүп кеткен.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы № 24 шаардык ооруканадагы жабыркаган жарандардын абалы менен таанышып, жол кырсыгынын жагдайларын такташкан. Башкы консулдук кызматкерлери Екатеринбургдун мамлекеттик автоинспекциясынын тиешелүү бөлүмүнө барып, жол кырсыгы боюнча маалыматтарды алган. 

Россиянын компетенттүү органдары жана жабыркаган жарандардын жакындары менен туруктуу байланыш, консулдук көмөк көрсөтүү улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты