Бишкекте автобус эки өспүрүм кызды жөө кишилер өтүүчү өтмөктөн коюп кеткен

  • 1 месяц мурун

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы Фучик көчөсүндө болгон жол кырсыгы тууралуу билдирүү жасады.

Бүгүн, 11-августта, болжол менен саат 9:00дө Бишкектин Фучик көчөсүндө жол кырсыгы болгон. Баштапкы маалымат боюнча, №153 каттамдагы Isuzu Citiport автобусунун айдоочусу Фучик көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, «Аска-Таш» комплексине жетпей, чыгыштан батышты көздөй жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан эки өспүрүм кызды сүзүп кеткен. Андан соң автобусту токтоткон.

Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жаракат алган өспүрүмдөр №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Маалыматтар боюнча, өспүрүм кыздар оор жаракат алышкан эмес.
Бул жол кырсыгы  Бишкек шаары боюнча ЖККБ   жана камсыздандыруу компаниясында катталган. Учурда кырсыктын себеби жана жагдайлары аныкталууда. Тиешелүү тергөө чаралары жүрүп жатат.

Буга чейин 13-июлда саат 9дар чамасында Б.Б. аттуу айдоочу  Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен 9 жашар баланы коюп кетип, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндө ал чарчап калган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты