Кадамжайда ири жол кырсыгы катталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү постунда “КАМАЗ” оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган унааларды сүзгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандар жана унаа үлгүлөрү такталып жаткандыгы айтылды.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты