Ошто канализация казуу учурунда топурак алдында калган адам куткарылды

Бүгүн, 24-ноябрда, Ош шаарында «Амир Темур» кичи районунун Абдуллаев атындагы көчөдө канализация өтүүчү жерди казып жатканда 2006-жылы туулган А.Н. аттуу кишини топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) “112” кызматына түшкөн.  

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдады.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ош шаарынан төрт куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жабыркаган жаранга аба баллонун кийгизип, топурак алдынан атайы шаймандардын жардамы менен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Дарыгерлердин айтымында, топурак алдынан куткарылган адамдын абалы орто.

Сүрөт: Видео тасмадан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты