Кыздарды сууга түртүп, аны жашыруу үчүн милицияга пара сунуштаган уланга кылмыш иши козголду
- 1 год мурун
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесине (пара берүү) ылайык, кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 5-июлунда Ош шаарында 2001-жылы туулган М.Б. эки өспүрүм кызды коркутуп, канал жээгине алып барып, себепсиз сууга түртүп жиберген. Кыздарды жергиликтүү тургундар куткарып, “Тез жардам” кызматы чакырылган.
Аталган факты Ош шаарлык ИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Шектүү катары суралып жаткан М.Б. милиция кызматкеринен маселени оң жагына чечип берүүнү суранып, анын кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.
Шектүүнү сот эки айлык мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда бул кылмыш иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




