Бишкекте дайынсыз болуп жаткан уландын сөөгү табылды
- 1 месяц мурун
Дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы ЖМКга билдирди.
Райондук ИИБ маалыматы боюнча, уландын сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилди.
Буга чейин Свердлов ИИБ дайынсыз болуп жаткан Санжар Нурлановго издөө жарыялаган.
6-апрелде Свердлов райондук милицияга апасы кайрылып, уулу Нурланов Санжар дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз жазган.
2009-жылы туулган Санжар Нурланов 4-апрелде Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсүндөгү үйүнөн саат 18:00де чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Социалдык тармактарда Санжардын чоң атасы да баланы үйүнө келүүгө чакырган видео кайрылуу тараган.
Сүрөт: Свердлов ИИБ
Муну бөлүшүү




