Жоокерди жанын кыюу абалына жеткирген шектүү кармалганы маалымдалды
- 1 неделя мурун
Жалал-Абад облусунда жоокерди жанын кыюу абалына жеткирген шектүү кармалганын Аскер прокуратурасы ЖМКга билдирди.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүнө кол салууга жеткирүү») менен катталган. Шектүү катары 20 жашар М.М. аттуу жоокер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.
5-январда Базар-Коргон районундагы Баймундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөгөн жоокер өз жанын кыйганы маалымдалган.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, окуя дүйшөмбүдө болжол менен саат 15:25те болгон. Жоокер белгисиз себептерден улам табелдик куралы менен өзүн атып, каза болгону кабарланган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




