Шаарды ыштап турган таштанды жай

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын таштанды төгүүчү жайынын түтөп жаткан сүрөтүн сүрөтчү Николай Гладков тартып, социалдык тармакка чыгарды.

“Бул жакта баары керемет! Адамдар, шаар, тоолор… Ондогон жылдардан бери түтөп келе жаткан шаардык таштанды төгүүчү жай таң калтырар сүрөт, хайп жараткан видео тасма үчүн кара түсүн жайып, бир канча ондогон адамдарды да багып келе жатат, кадимки ууландыруучу газ менен ыштап да келе жатат. Биз чалчактап кетпешибиз үчүн” деп жазды ушул сүрөтүнүн жанына сүрөтчү Николай Гладков Инстаграм баракчасында.

Шаарды ыштап турган таштанды жай
Сүрөт: Николай Гладков

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында мындай деп билдирген 

-Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди.

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Бишкекте таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да  каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты