Бишкекте таштанды ылгоо ишканасын чехиялык компания курмакчы болууда

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун  айтымында, Бишкек шаарында санитардык тазалоо, тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана андан ары кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча бирдиктүү операторду түзүү боюнча инвестициялык же мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

Бул тууралуу “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде борбор шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров бул кызматтагы бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.  

-Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди. Бүгүн бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болду. Демилге колдоого алынды, -деди борбор шаардын мэри.

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да  каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты