Көл толкуну алып кеткен 4 жашар кыз изделүүдө
- 2 года мурун
18-июль күнү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кызды издөө иштери улантылууда.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тилекке каршы натыйжа боло элек.
18-июлда Ысык-Көл районунуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда орун алып, анда көлдө түшүп жүргөн желим баллондо отурган 4 жаштагы наристени ата-энесинин көз алдында эле көлдүн толкуну алып кеткен. Көлдүн бул жээгиндеги тилкесине эл түшпөйт.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү