Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз изделүүдө

  • 2 года мурун

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-июль күнү Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, ӨКМдин райондук бөлүктөрүнүн ыкчам топторунун куткаруучулары издөө иштерине чыгышкан.

Жоголгон күндөн тартып жерине Ысык-Көл райондук, Балыкчы шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүктөрүнүн куткаруучулары жана суучулдар тартылууда. Ошондой эле райондук ИИБ кызматкерлери да куткаруучулар менен биргеликте жергиликтүү тургундар, туугандары издөө иштерине чыгып жатышат.

Ал эми бүгүн, 21-июлда жергиликтүү тургундар менен биргеликте Каракол, Балыкчы шаарларынын суучулдары жана куткаруучулары көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты