Көкөмерен дайрасына балык кармоого чыгып, дайынсыз болгон жигитти издөө улантылууда

  • 3 недели мурун

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы жаранды издөө  улантылууда. Бүгүн, 23-майда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу жана дрон тартылды.

Кошумча Нарын облусунун Жумгал районунан да куткаруучулар тартылды. Жалпы 17 куткаруучу чыкты.

2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты