Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык оюндарга кире албай калгандарга билет баасы кайтарылары айтылды

Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитети көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык оюндарга билет сатып алып, бирок мелдешке кире албай калган, ошондой эле аймакка киргени менен көрүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу каралган орундарга отура албай калган көрүүчүлөргө билеттин толук баасы — 1000 сом кайтарылып берилерин маалымдады.

«Коопсуздукту камсыз кылуу чараларына, аймактын айрым бөлүктөрүнүн тосулушуна жана кире бериштерде адамдардын көп топтолушуна байланыштуу билети бар көрүүчүлөрдүн бир бөлүгү финалдык оюндарга кире албай же каралган орундарга отура албай калган.  Уюштуруу комитети жаралган ыңгайсыздыктар үчүн көрүүчүлөрдөн чын дилинен кечирим сурайт” деп айтылат маалыматта.

Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөндүгүн тастыктаган чекти же квитанцияны [email protected] дарегине жөнөтүү зарыл.

Улуттук электрондук билет системасы валидациялык жабдуулардын жардамы менен иш-чарага кирүү учурунда билеттердин колдонулушу тууралуу маалыматты каттайт. Келип түшкөн бардык кайрылуулар системадагы маалыматтардын негизинде текшерилет.

Каражат келип түшкөн кайрылуулар жана Улуттук электрондук билет системасындагы маалыматтар текшерилгенден кийин кайтарылат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты