Көчмөндөр оюндарынын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимнин ырдаган ырчы сынга кабылды

  • 1 неделя мурун

31-августта, «Бишкек Аренада» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы чоң салтанат менен суктанарлык деңгээлде өттү. Ал дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарынан көрүүчүлөрдү топтоду деп да айтууга болот. Бирок уюштуруучулуктагы айрым алешемдиктер көз жаздымда калган жок. Айрыкча Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин аткарылышы, алып баруучулар социалдык тармактарда сынга кабылды.

Гимндин обону бурмаланып, аткарылышы купулга толбогону, ал тургай мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартуу тууралуу да ой-пикирлер айтылып, кызуу талкууга алынууда.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышында мамлекеттик гимнди 22 жаштагы Дильноза Айдарбекова аткарган.  

“Бишкек Арена”стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Ачылыш азем дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышында ошондой эле аткаруучулардан да алешемдиктер кеткени социалдык тармактарда талкууга алынууда. Аткаруучу кыз «Кыргызстан Республикасы» деп тааныштырды. Албетте, жаңылып калышы мүмкүн, бирок мамлекеттин расмий «Кыргыз Республикасы» аталышын кайра кайталап, туура аталышын айтып коюшу керек эле. «Бишкек Арена» стадионуна 51 миң киши сыят деп атышат, анын арасында абройлуу меймандар көрдү, Кыргызстанга алгачкы келип жаткандар да болушу мүмкүн эмеспи.

Алып баруучулардын бири Эркин Нурбаев социалдык тармактарга айтылган сын-пикирлерди моюнга алаарын, бирок айрым техникалык мүчүлүштүк жана өзгөрүүлөрдүн ордун толуктап туруш керек болгон жерлерде абалдан чыгууга туура келгенин да айтып өткөн.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты