ИИМ: 15 миңден ашуун милиция кызматкери эл аралык иш-чараларда коопсуздукту камсыздады

29-августтан 6-сентябрга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдады.

Коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери тартылды. Алар расмий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда, делегациялар жүрүүчү каттамдарда, коноктор жайгашкан объектилерде, жарандар көп чогулган аймактарда жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылган башка тилкелерде кызмат өтөдү.

Андан сырткары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого башка укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери дагы тартылды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында милиция кызматкерлери спорттук мелдештер өткөрүлгөн бардык аймактарда, таймаштар жана маданий иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда түздөн-түз кызмат өтөп, коомдук тартипти, көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылышып, кайрылууларга ыкчам чара көрүштү.

«Эң жоопкерчиликтүү тапшырмалардын бири 30 миң көрүүчүнү чогулткан «Бишкек Арена» стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин өткөрүү учурунда коопсуздукту уюштуруу болду. Катышуучулардын жана коноктордун көптүгүнө карабастан милиция кызматкерлери коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана иш-чаранын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыздашты» деп айтылат маалыматта.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эң көп массалык иш-чаралар өткөн Кырчын жайлоосунда жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда эң көп иштер аткарылды. Бул жерлерде милиция кызматкерлери кырдаалга көз салып, коомдук тартипти камсыз кылышып, жарандарга зарыл болгон жардамдарды көрсөтүштү.

Милиция кызматкерлеринин иши коомдук тартипти сактоо менен гана чектелген жок. Алар иш-чараларга келген конокторго жана катышуучуларга өткөрүлүп жаткан жайларда багыт көрсөтүп, чет өлкөлүк жарандарды коштоп жүрүп, аларга тиешелүү кеңештерди беришти. Бул багытта чет тилдерин билген туристтик милициянын кызматкерлери да чоң иштерди аткарышты.

Кошумча транспорттук жардам көрсөтүү зарыл болгон учурларда ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарга көмөк көрсөтүп, аларды ташып жеткирүү үчүн милициянын кызматтык унааларын пайдаланышты.

Ошондой эле ИИМдин Медициналык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп, иш-чаралардын катышуучуларына, конокторго, жарандарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүгө адистердин даярдыгын камсыз кылды.

Коомдук тартипти камсыздоодо заманбап санариптик технологиялар активдүү колдонулду. Видеокөзөмөл системалары кырдаалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, ыкчам кырдаалдагы өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоого жана аларга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Иш-чаралар өткөрүлгөн мезгил ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине байланыштуу, ошондой эле алардын катышуучуларына, конокторуна жана чет өлкөлүк туристтерге карата жасалган кылмыш же укук бузуу катталган жок.

31-августтан тартып, 6-сентябрга чейин Кыргызстанда Бүткүн дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндары өттү. Анын алдында 1-2-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюумунун саммити болду.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты