Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити: Ала-Тоо аянтында ачылыш азем түз эфирде көрсөтүлөт

2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында борбордук Ала-Тоо аянтында чоң фан-зона уюштурулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Борбор шаар тургундары жана коноктору ачылыш аземди түз эфирден көрө алышат.

Расмий түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат.

Ошондой эле фан-зонанын аймагында фуд-корттор, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алууга ылайыкталган башка аянтчалар иштейт.

Мындан тышкары, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштурулат. Жалпысынан Бишкек шаарында 11 аянтча иштейт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты