Көчмөндөр оюндары: Ачылыш аземинде Бишкектин райондорунда фан-зоналар иштейт
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарында дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине карата атайын фан-зоналар уюштурулат. Анда борбор шаар тургундары жана коноктору ачылыш аземин, ошондой эле эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрө алышат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында болот. Мындан тышкары, шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн Бишкектин төрт районунун баарында фан-зоналар уюштурулат.
Октябрь району:
«Туңгуч» кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;
«Ынтымак-2» паркындагы амфитеатр;
Дайыр Асанов атындагы парк.
Ленин району:
Фучик атындагы парк;
Ак-Өргө конушундагы «Ашар» паркы;
Жал кичи районундагы «Муун» сквери.
Биринчи май району:
Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
«Ак-Босого» конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.
Свердлов району :
Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплекси;
«Чыгыш-5» кичи районундагы №66 орто мектеп;
Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектеп.
Бардык аянтчаларда 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирде көрсөтүү үчүн LED-экрандар орнотулат.
Түз эфир башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Мындан тышкары, аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.
Ошондой эле коноктор үчүн улуттук оюндарга — тогуз коргоол, чүкө, беш таш жана башка интерактивдүү программа даярдалат.
Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өткөрүлө турган күн жакындаганда кошумча жарыяланат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




