Ошто базардын аймагындагы мушташ боюнча милиция териштирүү жүргүзүүдө
- 1 месяц мурун
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы (ИИБ) 4-июлда Ош шаарындагы Райимбеков көчөсүндө жайгашкан базардын аймагында орун алган ызы-чуу жана мушташ боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБ басма сөз кызматы кабарлады.
4-июлда социалдык тармактарда базардын аймагында жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ызы-чуу, мушташ болуп жаткандагы видео тараган.
Аталган окуя ошол эле күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, окуя боюнча териштирүү иштери башталган.
Окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, алар милицияга жеткирилген жана пикир келишпестиктин себептери такталууда.
Териштирүүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат берилери белгиленди.
Сүрөт: Ош ИИБ
Муну бөлүшүү




