Кара-Балтада жаштардын ортосунда мушташ чыгып, 10го жакын бала милицияга жеткирилди
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
7-августтан 8-августка караган түнү Кара-Балта шаарынын Береговая көчөсүндө мушташкан жаштарды 10го жакыны милиция бөлүмүнө жеткирилген
Тергөө тобунун кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Барган учурда 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын өз ара мушташып жаткандыгы аныкталган.
Аталган факты Жайылрайондук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталган.
Окуяга тиешеси бар 10го жакын жаш жигит милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын жаш курагы 17 жаштан 20 жашка чейин.
Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




