“Бомба коюлду” деген жалган маалыматтар тараган
- 3 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 22-июнда, Бишкектин бир катар ишкана-мекемелеринде, “Манас” эл аралык аэропортунда бомба коюлду деген маалыматтардан улам, ал жактагылар эвакуация болуп, текшерилди жана маалымат жалган болуп чыкты.
«Манас» эл аралык аэропортуна бомба коюлду деген маалымат алардын электрондук почтасына эртең менен келип, кызматкерлер Чүй облустук ички иштер башкармалыгына билдиришкен. Чүй облустук милициясы текшерип, маалымат жалган экенин билдирген.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы да кооптуу маалымат түшкөн объекттер текшерилип бүткөнүн, маалымат жалган болуп чыкканын кабарлаган. Жалпысынан 15 мекемеге бомба коюлду деген маалыматтар тараган.
Жогорку Кеңештин имаратында иштегендер да эвакуация болду, бирок андагы маалымат «бомба коюлду» дегенден эмес, окуу иретиндеги эвакуация экени айтылды.
Видео: «ПолитКлиника»
Сүрөт: Видео тасмадан алынды




