Израилден Кыргызстандын 11 жараны эвакуацияланды  

  • 2 недели мурун

Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Туркиядагы, Казакстандагы жана Сауд Аравиядагы элчиликтерм, ошондой эле Израилдин Герцлия шаарындагы жана Шымкент шаарындагы ардактуу консулдуктары менен тыгыз байланышта жогорку тобокелдиктеги аймактардан мекендештерди эвакуациялады.  

Координацияланган аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын 11 жараны Израилден Египетке ийгиликтүү эвакуацияланып, ал жактан Шымкент шаарына, андан кийин Кыргызстанга жеткирилген.

Министрлик Египеттин жетекчилигине жана компетенттүү органдарына транзиттик каттамды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн, Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө гуманитардык миссияны ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет.

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотуу келишимине келгенин Truth Social баракчасы аркылуу билдирди.

Трамптын айтымында ок атышууну токтотууну биринчи Иран баштап, андан 12 сааттан кийин Израил улантып, алардын ортосундагы 12 күндүк согуш аягына чыгат.

13-июнда Израил Иранга сокку уруп, ядролук оъекттерин мелжеген. Ага Иран сокку менен жооп кайтарган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штатттары Ирандын үч ядролук объектине -Фордо, Натанзе жана Исфаханга сокку урганын жарыя кылган.

Сүрөт: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты