Израил Газадагы операциясын жандандырды

  • 5 месяцев мурун

Израил армиясы палестиналык ХАМАС тобун ок атышпоо келишимин бузду жана Израил аймагын аткылап жатат деп айыптап, Газа тилкесинде согуштук аракеттерин кайра баштаганын расмий жарыялады.

Билдирүүдө 1-декабрдын таңында ХАМАС «операциялык тыныгуу» шарттарын бузуп, Израилди көздөй ок чыгарганы айтылат. ЦАХАЛдын маалыматына караганда, жихадчылар Газа тилкеси менен чек арага жакын жайгашкан израил конуштарын ракета менен аткылашкан. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Израил армиясы өзүнүн учактары жана артиллериясы Газадагы ХАМАСтын буталарына кайрадан сокку уруп жатканын социалдык медиа аркылуу жарыялады.

24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишими күчүнө кирген. Убактылуу тынчтык режими алгач төрт күнгө макулдашылып, кийин дагы эки күнгө узартылган. Бул аралыкта ХАМАС радикал уюму барымтадан 51 туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1 200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда.

БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1,8 миллион тургундун «эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин» дүйнөлүк уюм эскертти.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты