Газа тилкесиндеги гуманитардык тыныгуу дагы бир күнгө узартылды

  • 5 месяцев мурун

Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосунда ок атышпоо режими дагы бир күнгө узартылды. Бул тууралуу израил премьер-министринин кеңсеси билдиргенин СNN телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, Израил ок атышпоо режимин узартууга ХАМАС тобу бейшемби күнү бошотууну пландап жаткан барымтадагы 10 адамдын жаңы тезмесин бергенден кийин макул болду.

Газа тилкесиндеги ок атышпоо режими дагы бир күнгө узартылганын сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Катардын Тышкы иштер министрлиги ырастады.

30-ноябрь күнү эртең менен ХАМАС тобу барымтадагы жети аялды жана балдарды бошотууну, ошондой эле аларга кошумча дагы каза болгон үч израил жаранынын сөөгүн берүүнү сунуштаган. Израиль бул сунушту четке кагып, ХАМАС күнүнө ондон кем эмес тирүү адамды бошотуп турса, гуманитардык тыныгуунун мөөнөтүн узартууга даяр экенин билдирген. Израил тараптын маалыматына ылайык, жалпысынан барымтада бери дегенде эле дагы 15 аял жана балдар калууда.

29-ноябрь күнү кечинде ХАМАС барымтадагы 14 кишини бошоткон. Алардын 10у Израилдин, экөө Таиланддын жарандары экени кабарланды. Анын алдында Орусия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган. Буга жооп катары израил түрмөлөрүнөн 30 палестиналык — 15 аял жана 15 өспүрүм бошотулган.

Израил ХАМАС менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Сүйлөшүүлөр Катар, Египет жана кээде АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө.

24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишими күчүнө кирген. Убактылуу тынчтык режими алгач төрт күнгө макулдашылып, кийин дагы эки күнгө узартылган. Бул аралыкта ХАМАС радикал уюму барымтадан 51 туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1 200 кишинин өмүрү кыйылган.

24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” багыты менен Кыргыз Республикасынын эки жараны эвакуацияланганын КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун «эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин» дүйнөлүк уюм эскертти.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты