Исманкулов экс-министр Бейшеналиевден миллион сом өндүрүп алуудан баш тартты    

  • 1 год мурун

  

«Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын башчысы Алмазбек Исманкулов мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата сотко жазган доо арызын кайтарып алды.

Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасында билдирди.   

“Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2023-жылдын 10-мартындагы чечими менен А. Исманкуловдун кадыр-баркына шек келтиргендиги боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри А.С. Бейшеналиевге каршы арызы жана 1000 000 сом (бир миллион) сом  андан өндүрүп алуу доосу кыскартылды. Алымкамкадыр Бейшеналиев доосунан баш тартты» деп жазды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралда “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын башчысы Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Экинчи шектүү Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылды. Алмазбек Исманкулов Бишкек шаарындагы №1 абак жайына камалды.  

Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандыктар бир нече ай бою саламаттыкты сактоо системасынын жогорку даражалуу чиновниктеринин бири менен белгилүү көз дарыгеринин тирешүүсүнө күбө болушту. Экөөнүн ортосундагы талаш-тартыштын себеби 24 жыл мурун Кыргыз улуттук университетине караштуу Медициналык борбор үчүн жабдуулар түрүндө алынган насыя болгон.

Натыйжада, башында 8 миллион доллардан ашык насыя төлөнбөй, медициналык техниканын бир бөлүгү Алмазбек Исманкуловдун жеке клиникасына келип түшкөн.

Бул абалга кайгырган министр белгилүү көз дарыгерине ар кандай жолдор менен кайрылып, эл алдында “лопух” деп атап, клиникасынын алдына кум түшүрүп, эшигин жапканга аракет кылып, “тиштериңди санап коем” деп коркуткан.

Бишкек шаарынын мэриясы кечээ жакында Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын № 6 оорукананын аймагынан чыгарды.
Буга чейин Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасы менен болгон Жантөшев көчөсү, 117 дарегиндеги №6 оорукананын аймагындаы жайгашуу боюнча келишимди бузуу боюнча чечим кабыл алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралда “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын башчысы Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты