Алмазбек Исманкуловдун клиникасы №6 оорукана аймагынан чыгарылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэриясы Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын № 6 оорукананын аймагынан чыгарды.
Буга чейин Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасы менен болгон Жантөшев көчөсү, 117 дарегиндеги №6 оорукананын аймагындаы жайгашуу боюнча келишимди бузуу боюнча чечим кабыл алынган. 11-мартта клиникага мэриянын алдындагы муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин кызматкерлери жана вице-мэр Нурдан Орунтаев келип клиника менен болгон келишимди бузуу чечимин берип, имаратты бошотуу тууралуу талап коюп, алрдын жеке мүлктөрү имараттан чыгарылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралда “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын башчысы Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Экинчи шектүү Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылды. Алмазбек Исманкулов Бишкек шаарындагы №1 абак жайына камалды.  

Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Исманкуловдун клиникасы жайгашкан №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты арзан баада, мыйзамсыз ижарага берилип, анын кесепетинен мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүүдө.

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы “Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди” аттуу иликтөөсүндө мындан 25 жыл мурун медициналык жабдуулар үчүн алынган корей насыясынын айланасындагы талаш Кыргызстанды миллиондогон доллар карызга гана батырбай, андан башка дагы кесепетин тийгизгенин аныктап чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты