Кыргызстанда парацетамол, ибупрофен, ацикловир дарылары чыгарыла баштады

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводунда дары-дармектердин 5 түрүн чыгаруу ишке киргизилди. Заводго  Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, заводдо парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө); ибупрофен (суспензия түрүндө); ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар); ацикловир (таблеткалар) чыгарыла баштады.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө көрсөтүлгөн дарылардын ар биринен 10 000 кутуга чейин чыгарууга мүмкүндүк берери белгилүү болду. Учурда фармацевтикалык завод мамлекеттик ооруканаларды жана «Эл Аман» дарыкана тармагына этил спиртин жеткире баштаган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык этил спиртин өндүрүү өткөн жылдын аягында башталганын белгилеп: «Бүгүнкү күндө «Айдан Фарма» дары-дармектин беш түрүн чыгара баштады. Быйылкы жылы продукциянын ассортиментин 100 даанага чейин кеңейтүү, келечекте экспортко чыгуу пландалууда. Заводдун продукциясы сапат стандарттарына жооп берет жана өздүк наркы кыйла арзан»,- деген.

«Дары-дармектер «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилет жана «Эл Аман» дарыкана тармагында жеткиликтүү болот. Дары-дармектердин баасы башка жергиликтүү өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу кыйла арзан болот»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты