Көз доктур Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Исманкуловдун клиникасы жайгашкан №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты арзан баада, мыйзамсыз ижарага берилип, анын кесепетинен мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («коррупция») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүүдө.

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы “Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди” аталышындагы иликтөөсүндө мындан 25 жыл мурун медициналык жабдуулар үчүн алынган корей насыясынын айланасындагы талаш Кыргызстанды миллиондогон доллар карызга гана батырбай, андан башка дагы кесепетин тийгизгенин аныктап чыккан.

Иликтөөгө таянсак, 1997-жылы апрелде КУУнун окумуштуулар кеңеши “медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү, студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн” окуу жайдын алдында “ИнтерГоспиталь” медициналык борборун ачууну чечкен. Аталган борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов “ИнтерГоспиталь” медициналык борборунун жетекчиси болот. 

Аталган борбор Түштүк Кореядан медициналык жабдуулар үчүн 8,5 млн доллар насыя алып, бирок аталган жабдуулар Кыргыз улуттук университетине эмес, Алмазбек Исманкуловдун жеке клиникасына келип түшөт. Бирок алынган насыяны төлөө милдети Кыргыз улуттук университети менен өкмөттүн жоопкерчилигинде калган. Алынган насыя убагында төлөнбөгөндүктөн Кыргызстандын Түштүк Кореянын алдындагы инвестициялык беделине терс таасирин тийгизген. Тагыраагы, Кыргызстан Түштүк Кореядан медицина жаатында насыя ала албай калган. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Исманкулов насыянын үчтөн бир бөлүгүн гана алганын, калганын өкмөттөн сураш керектигин айткан болчу. Иликтөө чыккандан кийин Билим берүү жана илим министрлиги бизге кат жиберип, насыяга келип түшкөн жабдыктардын баары Исманкуловдун клиникасына түшкөнүн билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты