Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты облустук төрөт үйү болот
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 4-декабрда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды.
Министр мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан.
Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.
Сүрөт: med.kg
Муну бөлүшүү