Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин камакка алынды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын башчысы Алмазбек Исманккуловдун бөгөт чарасы карады. Сот Исманкуловду 9-апрелге чейин камакка алуу чечимин 12-февралда чыгарды.

Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Экинчи шектүү Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылды.

Алмазбек Исманкулов Бишкек шаарындагы №1 абак жайына камала турган болду.  

Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Исманкуловдун клиникасы жайгашкан №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты арзан баада, мыйзамсыз ижарага берилип, анын кесепетинен мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүүдө.

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы “Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди” аттуу иликтөөсүндө мындан 25 жыл мурун медициналык жабдуулар үчүн алынган корей насыясынын айланасындагы талаш Кыргызстанды миллиондогон доллар карызга гана батырбай, андан башка дагы кесепетин тийгизгенин аныктап чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты