Ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жарлыгына өзгөртүү киргизилди

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын» «Төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин:

1) ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча салык кызматынын органдары, бажы органдары, тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү, улуттук банкы» деген өзгөртүү киргизилди.

Мурдагы жарлыкта «ишкердик субъект тарабынан мыйзам бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилет» деп берилген.

Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка эки ай мурда кол койгон.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты