Ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилет

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, ишкердик субъект тарабынан мыйзам бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилет.

Министрлер Кабинети укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүү эрежелерин регламенттөөчү мыйзам долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыкмакчы жана Жогорку Кенешине киргизет.

Башкы прокуратурасы укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтсүн.

Президенттин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

Министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө ушул жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрөт, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирет.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты