Иркутск: Мигранттардын мушташынан кийин 10 киши кармалганы кабарланды

  • 10 месяцев мурун

Иркутск полициясы Ковыкта газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар ортосунда 23-июнда чыккан калайман мушташтын он катышуучусун камакка алды.

Бул тууралуу «Озоди» радиосу Иркутскидеги тажик диаспорасына таянып жазды. Жергиликтүү маалымат каражаттары мушташта тогуз киши жабыркап, жыйырма чактысы кармалганын жазган. Күбөлөрдүн айтымында уруш ашканадагы кезек күтүүдөн улам чыккан.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Орусиядагы элчилик жараат алган беш адам менен байланышкан. Алардын бири ооруканага жаткырылган. Иркутскидеги тажик диаспорасы кармалгандар эки тараптан тең бар экенин билдиришкен.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталып келет. 3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты