Орусияда кыргызстандык жана тажикстандык жарандардын жапырт мушташы иликтенүүдө  

  • 10 месяцев мурун

23-июнда кечинде Орусиянын Иркутск облусунун Жигаловск районунда Ковыкта газконденсат кенинде Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандары тиричиликтен улам мушташып кеткен. Мушташка 500 дөн ашык киши катышкан.

Бул боюнча КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-июнда билдирген маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери жабыр тарткандар менен дароо байланышкан. Мушташта 5 кыргызстандык жаран жабыр тарткан, алардын бирөө ооруканага жаткырылган.  

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.  Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жакка жөнөп кеткендиги белгиленди.

Буга чейин Орусия ЖМКсы кыргыз жана тажик мигранттарынын мушташы тууралуу жазган. Иркутск облусунун Жигалов районунда Ковыкта газконденсат кенинде вахталык режимде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык 300 жаран мушташкандыгы, алардын алгачкы себеби кендин ашкасында кезек талашуудан чыккандыгын билдирген. Жарадар болгондор тууралуу да айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан. Мушташ учуру

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты