Иранда «жаман кылык-жорукту үгүттөгөндөр» үчүн көчмө сотторду уюштуруу пландалууда

  • 4 месяца мурун

Ирандын бийлиги хиджаб кийүүдөн баш тарткан кыз-келиндерди жоопко тартуу үчүн соода борборлор сыяктуу коомдук жайларда көчмө сот отурумдарын уюштурууну пландап жатат.

Бул тууралуу «Би-Би-Синин» перс кызматы колуна тийген жашыруун документтерге шилтеме кылып кабарлады.

Документтерде ислам дресс-кодун бузган мектеп окуучуларына чара көрүү укугун Билим берүү министрлигине берип, «жаман кылык-жорукту пропагандалоого» айыпталган жалпы коомчулукка белгилүү кыз-келиндерди 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралып жатканы жазылган.

Мындан тышкары полицияга жана күч түзүмдөрүнө кеңири ыйгарым укуктар берилери, алар шектүүлөрдүн үйүнө каалаган убакта кирип барып, компьютерлерин, телефондорун тартып алса, хиджаб кийүү талабы сакталбаган дүкөндөрдү, кафелерди эч кандай эскертүүсүз жапса болору белгиленген.

Расмий Тегеран бул боюнча комментарий бере элек, бирок аталган документтен үзүндү жарыялаган жергиликтүү гезитке «жашыруун маалыматты ачыкка чыгарып жиберген» деген кине коюлуп жатканы маалым болду.

Хиджаб жана пакизалык жөнүндөгү мыйзам Иранда быйыл сентябрда кабыл алынган. Ага ылайык, ислам дресс-кодун бузгандар 10 жылга чейин камакка алынат же балак уруу жана 360 миллион риалга (8 миң доллар) чейин айып пул салуу каралган.

Мындай чара былтыр хижабды туура эмес тагынганы үчүн кармалган 22 жаштагы Махса Амининин полиция бөлүмүндөгү өлүмүнөн соң  тутанган, кийин күч менен басылган масштабдуу нааразылык акцияларынан кийин кабыл алынган. Акциялар учурунда 500дөй адамдын өмүрү кыйылып, он миңдеген киши камакка алынган. Демонстранттардын бир нечеси дарга асылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты