Индияда поезддер кагылышынан улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан көңүл айтты

  • 11 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатындагы поезддердин кагылышуусунун кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Индиянын Одиша штатынын Баласор шаарында поезддин кырсыгынан улам адамдар курман болду деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм»  деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

4-июндагы ЖМК маалыматтарына караганда, Индиянын темир жол кырсыгында жабыр тарткандардын саны өсүүдө. Анда 300 киши каза таап, жабыр карткандар 900дөн кем эмес. Андагы куткаруу иштери аяктады.

Кырсык жума күнү кечинде  Одиша штатынын Баласор шаарында болгон. Темир жол транспорту министрлигинин өкүлү маалымдагандай, жүргүнчүлөр поездинин 10-12 вагону рельстен чыгып кеткен. Ал дагы бир жүргүнчү поезди менен кагылышкан.  

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиядагы поезд кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат түшпөгөнүн билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты