Индияда кулаган учакта жалгыз жүргүнчү аман калган

Индиянын батышында Ахмадабад шаарында кулаган учакта бир гана жүргүнчү – 40 жаштагы Вишвашкумар Рамеш аман калган.

Маалыматтарга караганда, аман калган жүргүнчү Вишвашкумар Рамеш учактын 11 «А» орундугунда отурган. Ал Индияда туулган, 2003-жылдан бери Улуу Британияда жашайт жана ал өлкөнүн жараны.

“Ал учак кыйраган учурда алган көптөгөн жаракатынан улам нес абалында болгон. Бирок анын өмүрү коркунучта эмес деп айтууга болот“ деди доктор Дхавал Гамети AP агенттигине.

Рамеш Вишвашкумар учак көтөрүлгөндөн кийин эле кайра ылдый кулай баштаганын жана экиге бөлүнүп калганын, өзү болсо, урандылардын арасында жатканын билдирген. Ал туруп, нес абалында “Тез жардам” унаасына барып, андан ары ооруканага жеткирилгенин айтты.  

Ал үй-бүлөсүнө телефон чалып, өзү аман экен экенин, бирок учактагы бир тууганы Аджайдын дайынын билбей жатканын айтканын британиялык ЖМКлар жазды.   

Индиянын батышындагы Гуджарат штатында кулаган учакта 242 адамдан бирөө гана аман калган. Учак врачтардын жатаканасына кулап, андан 50 дөн ашык киши каза тапкан.  Акыркы маалыматтарда учактын кыйрашынан жалпы 310 киши көз жумганы айтылууда.

Кыйраган учактан аман калган жалгыз жүргүнчү Рамеш Вишвашкумар учак көтөрүлгөндөн 30 секунддан кийин кулаганын айткан.   

Кечээ, 12-июнда эртең менен Индиянын батыш тарабындагы Гуджарат штатында Лондонго карай бет алган Boeing Dreamliner учагы кулады. Анын ичинде 240тан ашык адам бар болчу. Бул мындай типтеги учактын биринчи жолу кулашы болуп калды.  

Учак Ахмадабад аэропортунан Лондонго жол тарткан. Учак Ахмадабад аэропортунан анча алыс эмес жерде кулады. Ал асманга көтөрүлгөндөн кийин бир нече секунд өтпөй эле кулаган.    

Air India авиакомпанисы Ахмадабаддан Лондондун “Гатвик” аэропортуна бет алган AI171 каттамы “окуяга кабылганын” жана ал тууралуу жакын арада кабарлашаарын билдирди. Лондондун аэропорту ал каттам саат 18:25те  келмек болгонун айтты.

Индиянын жарандык авиациясынын башкы башкармалыгы учакта 242 киши бар экенин, анын ичинде 230 жүргүнчү, эки учкуч жана экипаждын 10 мүчөсү бар экенин кабарлады.  

News18 жергиликтүү телеканалдын билдирүүсү боюнча, учактагылардын баары -243 киши каза тапты деп билдирген, бирок акыркы маалыматтарда кыйраган учактан бир жүргүнчү аман калганы маалым болду.

Сүрөт: жалгыз аман калган жүргүнчү Вишвашкумар Рамеш. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты