Индияда Boeing Dreamliner жүргүнчүлөр  учагы кулады

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 12-июнда, эртең менен Индиянын батыш тарабындагы Гуджарат штатында Лондонго карай бет алган Boeing Dreamliner учагы кулады. Анын ичинде 240тан ашык жүргүнчү бар болчу. Бул мындай типтеги учактын биринчи жолу кулашы болуп калды.  

Учак Ахмадабад аэропортунан Лондонго жол тарткан. Учак Ахмадабад аэропортунан анча алыс эмес жерде кулады. Ал асманга көтөрүлгөндөн кийин бир нече секунд өтпөй эле кулаган.    

Социалдык тармакта учак кулагандан кийинки видео тасмалар жарыяланды. Учак кулаган жерден коюу кара түтүн чыгып турганы көрүнөт.  

Air India авиакомпанисы Ахмадабаддан Лондондун “Гатвик” аэропортуна бет алган AI171 каттамы “окуяга кабылганын” жана ал тууралуу жакын арада кабарлашаарын билдирди. Лондондун аэропорту ал каттам саат 18:25те  келмек болгонун айтты.

Индиянын жарандык авиациясынын башкы башкармалыгы учакта 242 киши бар экенин, анын ичинде 230 жүргүнчү, эки учкуч жана экипаждын 10 мүчөсү бар экенин кабарлады.  

News18 жергиликтүү телеканалдын билдирүүсү боюнча, учактагылардын баары -243 киши каза тапты. Индиянын саламаттык сактоо министрлиги көп киши каза тапканын, азырынча так маалымат жок экенин айтты.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, учакта 217 чоң киши, 11 бала болгон, 169 киши Индия жараны, 53ү- Улуу Британия жараны, жетөө Португалия жараны, бирөө — Канаданын жараны.

Ахмадабад шаарынын полициясынын билдирүүсүндө, учак дарыгерлердин жатаканасына кулаган. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча имараттын урандысынан кеминде 30-35 кишинин сөөгү табылган.   

Сүрөттө: Учак кулаган жерде. News18 телеканалы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты