Иманкулов Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга сунуш бергенин билдирди

  • 11 месяцев мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди.

Бул тууралуу 14-июнда «Биринчи радиодогу» маегинде айтып, ал кандай сунуш экенин тактаган жок.

Марат Иманкуловдун сөзүнө караганда, ушул тапта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору иштеп жатат.

«Президент (Садыр Жапаров) чек ара боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бизде саясий эрк бар. Кыргызстандын Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан «кел, чек араны чечели» деп айтып атабыз. Советтер Союзу ураганда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек».

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда Тажикстан айрым тилкелерди 1924-жылкы карта менен чечүү сунушун берип жатканын, бул юридикалык да, моралдык жактан да туура эмес экенин айткан.

1958-1959-жылдарда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрадан тактоо иштери жүргөн. Анын негизинде чечим кабыл алынып, ал документ Советтер Союзу тарагандан кийин Алматы, Минск шаарларындагы жолугушууда мамлекет башчылары кол койгон декларацияларга ылайык тастыкталган. Кыргыз тарап чек араны 1958-жылдагы карта менен такташ керек деп эсептейт.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон 2-июнда Чолпон-Атада «Борбор Азия – Европа Биримдиги» саммитинин алдында жолугушуп, чек ара маселесин талкуулашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты