Жапаров менен Рахмон Чолпон-Атада кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесин талкуулашты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашканы айтылат.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти«, — деп жазылат расмий маалыматта.

Ошондой эле, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташканы белгиленет.

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты