Жаза аткаруу кызматы Ташовдун ачкачылык кармаганы боюнча айткандарын төгүндөдү

  • 1 месяц мурун

Жаза аткаруу кызматы абактагы ишкер Имамидин Ташовдун 13-январдан тартып ачкачылык жарыялаганы тууралуу билдирүүсүн комментарийледи.

«И. Ташов мекеменин жетекчилигине себептерин көрсөтүү менен ачкачылык жарыялоо тууралуу арыз менен кайрылган эмес, ошондой эле ички эрежелерде белгиленген мөөнөттө тамак-аштан баш тарткан эмес» деп жазылган андагы маалыматта.


Бүгүн, 14-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Ташов кечээ,13-январдан бери, ачкачылык жарыялаганын айтты. Имамидин Ташов ачкачылык жарыялоого СИЗО-1 де ага жасалган мамиле себеп болгонун билдирди.

Анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков сот отурумун сот арачыларынын катышуусунда кароо боюнча өтүнүч келтирди.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.

«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

Сүрөт: Имамидин Ташов сотто. 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника» / Жылдыз Джускембаева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты