Иликтөөчү журналист Болот Темировдун адвокаттары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат

  • 1 год мурун

23-ноябрда сот тарабынан Кыргызстандан чыгарылган Болот Темировдун адвокаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыларын билдиришти.

Бул тууралуу Темировдун адвокат Бакытбек Автандил уулу «Азаттык» үналгысына кабарлады.

«Биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жакынкы күндөрү, ушул жуманын ичинде кайрыла турган болдук. Жогорку Сотко да кайрылабыз, бирок Жогорку Соттун чечимин күтпөй эле кайрыла турган болдук. Анда Темировдун ишинде кетирилген мүчүлүштүктөр, атуулдуктан ажыратуу, аны кайра кайрып берүү, соттордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдери камтылат. БУУ өзүнүн сунуштамаларын жиберет деп ойлойбуз» деди адвокат.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишти.

28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов ага карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган чечим чыгарган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Болот Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы белгиленген эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты