Болот  Темиров командасы менен мурдагыдай эле иштей баштаарын билдирди

  • 1 год мурун

«Темиров-лайф» Ютуб каналынын уюштуруучусу, соттун чечими менен Кыргызстандан чыгарылып жиберилген иликтөөчү журналист Болот Темиров жакында окурмандары менен кайрадан көрүшөрүн жана командасы менен жаңы чыгарылыштар менен чыга турганын Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

Болот Темиров мындай деп билдирди:

-Мына эми, мен кайрадан силер мененмин. Бир катар суроолорго дароо жооп берейин.

  1. Мени өлкөдөн чыгарып жиберүү же депортация кылуу таптакыр мыйзамсыз. Бул айдан-ачык нерсе. Мен туулганымдан эле Кыргызстандын жаранымын. Жарандыктан мен дегеле баш тарткан эмесмин.  Өз жаранын өлкөдөн чыгарып жиберүү бул дүйнөлүк сот процессинде — нонсенс.
  2. Мен кадимкидей эле, жайындамын. Биринчиден, жөн гана эс алдым. Экинчиден, эки дос жана ага жагалдангандар менин турмушумду татаалдаткысы келди, бирок анын  баарын жеңип чыгуу бактысына туш болдум. Ал жакта анчалык деле кызыктуу нерсе жок.  
  3. Биздин команда мурда кандай иштесе, азыр деле ошондой иштей берет. Андан дагы биз Кыргызстандагы эң чынчыл жана натыйжалуу команда экенибизди далилдедик. Бул — биздин “Темиров лайф” жана “Айт-айт десе” командабыздын эки жыл ичиндеги эң чоң жетишкендиги. Жакында жаңы чыгарылыштарды күтүп алгыла! — деди Болот Темиров.  

Өткөн жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Чечим кабыл алынгандан кийин «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Боло Темиров Орусияга депортацияланган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.
Өткөн жылдын 20-апрелинде Темировго жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо») беренеси менен иш козголгон.

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты