ИИМдин 707-аскер бөлүгүнүн төрт аскер кызматкери курман болду

  • 2 года мурун

Баткен облусунун чек ара аймагында Тажикстандын агрессиясынын айынан курман болгондордун арасында Ички иштер министрлигинин 707-аскер бөлүгүнүн төрт  аскер кызматкери курман болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

 1.Каныбек уулу Дурус, улук сержант;

,2.Баатырбеков Манас Баатырбекович, кенже сержант:
3.Ташбеков Ачылбек Абдибаабович, улук сержант;

3. Абдилабеков Айбек Авалтканович катардагы жоокер.

ИИМдин ички аскерлеринин командачылыгы жана өздүк курамы  Мекенди коргоп, шейит кеткендердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

Чек арадагы Тажикстандын агрессиясынын айынан 59 адам мерт болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 163кө жетти.

Кыргызстандын nышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Тажик тарапты Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду» деп айыптады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты