Журналист Алтынай Арстанбекова кармалды
- 3 месяца мурун
Журналист Алтынай Арстанбекова кармалды. Бул тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазды. Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.
Журналист Алтынай Арстанбековага социалдык тармактарда фейк баракчадан жазылган постторго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ал фейк аталыш менен колдонгон баракчада бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасын колдогон билдирүүлөр жазылган. Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып жүргөн.
Муну бөлүшүү




