ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди

  • 1 месяц мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан “Муса” деген каймана аты менен таанымал жаран Г.М. болжол менен 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу, ошондой эле Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймагында тоноо жана каракчылык кылуу менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү аныкталды.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинде (кылмыштуу коомдошдукту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыштуу топ Баткен облусу аркылуу Тажикстанга эл керектөөчү товарларды аткезчилик жол менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган автоунааларды ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган.

Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1977-жылы туулган жаран Г.М. (Муса) кармалды. Аны тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынды: колго жасалган револьвер 6 патрону менен, ак порошок түрүндөгү баңгизаты бар баштыкча.
Кармалган адам мурда каракчылык, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча бир нече жолу соттолгон.

Мындан аркы кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ош облусунун аймагында кылмыштуу топтун башка катышуучулары аныкталып, кармалды:

1984-жылы туулган К.Ы. буга чейин каракчылык, опузалоо жана тоноо боюнча бир нече жолу соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда Ф-1 гранатасы (1 даана) жана салмагы 8 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат табылып алынды;

1992-жылы туулган О.А.. Буга чейин адам уурдоо, ден соолукка атайылап зыян келтирүү, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу боюнча соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда кесилген мылтык, салмагы 4 грамм болгон өсүмдүк тектүү баңгизат, кастет табылды.

Аталгандар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна киргени жана “Женго” деген каймана аттуу криминалдык төбөл Кадырбек Досонов менен түз байланышта болуп, уурулук идеологиясын ачык жайылтып, өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланганы аныкталды.

Топту андан ары иликтеп чыгуунун жүрүшүндө кармалгандардын 2014-жылы Баткен шаарында жасалган жеке ишкерге кол салуу жана өлтүрүүгө тиешеси бар болушу мүмкүндүгү маалым болду.

Алсак, 2014-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, жарандар А.Ш. менен А.Ш.га бычак колдонуп, акча талап кылышкан. Андан соң, жабырлануучуларга бычак менен жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулар Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк жабырлануучулардын бири А.Ш. алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Кармалгандар камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

2024-жылы 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновду 20 жылга эркинен ажыраткан. Кадыр Досоновго «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Кылмыштуу уюмду уюштуруу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сүрөттр: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты