ИИМ: Мектептердеги акыркы коңгуроого байланыштуу көзөмөл күчөтүлөт

  • 3 недели мурун

Алдыдагы 29-май, акыркы коңгуроо күнүнө байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылашат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, акыркы коңгуроо күнү, ага чейин жана андан кийинки күндөрү дагы жаратылышы кооз аймактар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көлдөр, суу жээктери, автоунаа жолдору милиция тарабынан көзөмөлгө алынат.

Ички иштер министрлиги мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда өтөт. Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертет.

Бул талаптар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында киргизилген.

Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

«Акыркы коңгуроо» иш-чарасы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшү керек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты