ИИМ кылмыш тобунун аракеттерин жашырган деген негизде Жалал-Абад ИИБ кызматкерлерин кызматтан бошотту

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырган  Сузак райондук милициясынын кызматкерлери жазаланды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында  бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жаза алышты.
-Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы А.Тагаев, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.Ормонов, Сузак РИИБ башчысынын сотко
чейинки өндүрүш боюнча орун басары А.Бакиров, Сузак РИИБ башчысынын орун басары- кылмыш иликтөө кызматынын башчысыи Б.Маткеримов кызматвнан бошотулду.
— Жалал-Абад облустук ИИБ башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары Б. Кулжановго, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Н. Долоновго, ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы С. Жумагуловго, облустук ИИБдин штабынын башчысы М.Ташбаевге, Сузак РИИБ башчысынын кызмат боюнча  орун басары К.Саркаровго, кадр боюнча  орун басары Н.Далбаевага “катуу сөгүш” берилди.
— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн
ага ыкчам өкүлдөрү  Н.Жолоев, А.Абдыраимов “сөгүш” алышты.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча башчысынын орун басары К.Рахмановдун, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызмат боюнча башчысынын орун басары Н.Сыдыковдун, кадр боюнча башчынын орун басары М.Масиркуловдун тартиптик жоопкерчилиги ден-соолугу сакайгандан кийин карала тургандыгын белгиленди.
Жыйынтыктап айтканда, жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды, төртөө кызматынан бошотулду, калгандары  жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми ден-соолугуна  сакайгандан кийин калган 3 кызматкерге да кызматтык жоопкерчилик жазасы каралат.

Буга чейин Нарын облусунун Кочкор районунун 22 кызматкери тартип жазасына тартылды, кызматтан 9 кызматкер бошотулду, 3 кызматкер ички иштер органынын катарынан бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышаары маалымдалган. Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар деген негизде жазага кириптер болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты